Кудум кинодогудай. Кытайда үлпөт той учурунда кайын энеси келини өз кызы экенин билди

Кытайдын Сучжоу шаарында кудум кинодогудай таң калычтуу окуя катталды. Тагыраагы, Кытайдын тургуну уулунун үлпөт тоюнда келини 20 жыл мурда дайынсыз жоголгон кызы экенин билген. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.

Андагы маалыматка караганда, жигиттин апасы үйлөнүү үлпөт тою өтүп жаткан маалда келининин колундагы табигый меңин байкап калган. Мындан 20 жыл мурда дайынсыз жоголгон кызынын колунда да дал ошондой мең бар болгон. Жүрөгү сезген кайын эне келиндин ата-энесинен алардын кызы тууралуу сураганда, алар мындан 20 жыл мурда кызды багып алышканын айтышкан.

Келин кайын энеси анын биологиялык апасы экенин укканда, кубанганынан ыйлап жиберген. Себеби ал ар дайым өз энесин табууну кыялданып келген. Бирок эки жаштын тоюн да өткөрүшкөн. Себеби баласы анын биологиялык уулу эмес, кызы жоголгондо багып алгандыгы айтылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Belek1710
2021-04-07 02:23:37
Канын текшеришиптирби же мең менен эле кызы экенин билип коюптурбу кинодогудай?
+1
alym21
2021-04-07 05:54:07
Бул жагы индийский фильм болуптур э)))
+5
nazira...
2021-04-07 10:33:44
Кудай бар да, 20 жыл бою энеси сыздап, кудайга жалынып келди да. Мынтип кудай сонун кылып табыштырып коюптур. Эч качан ата энеден баланы айрыбасын кудайым.
+5
NSKA
2021-04-07 11:07:32
Ошондо баласы күйөө баласына айланыптыр да
+5
Belek1710
2021-04-07 11:34:20
NSKA,келини кызына дагы
+3
Jigitchem
2021-04-08 00:50:16
NSKA,кызы келинине ээ
0
Omyke
2021-04-07 23:30:31
Алиса скажи серая птица по китайский десенер эле))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан