Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Спутник V вакцинасы менен эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү маалымат каражаттары жазышууда.
Жазылган маалыматка ылайык, Касым-Жомарт Токаев кечээ, 6-апрелде коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.
"Бүгүн өлкө башчы Караганды фармацевтикалык заводу иштеп чыккан Спутник V вакцинасы менен эмдөөдөн өттү" деп маалымат катчысы Берик Уали Фейсбук баракчасына жазып чыккан.
Ошондой эле президент эмдөөдөн өткөндөн кийин эч кандай терс таасирлер болбогонун, абалы жакшы экендигин айтып өткөн.
"Коронавируска каршы эмдөөдөн өтүү коллективдүү иммунитетти пайда кылууга өбөлгө түзөт. Бул жакындарыбызды сактоонун жападан жалгыз жолу", - деп билдирген президент.
Мындан тышкары өлкө башчы элди эмдөөдөн өтүүгө чакырган.