Нигерияда карантиндин тартиптерин бузган 18 адам өлтүрүлдү

Нигерияда карантиндин тартибин бузган 18 адам өлтүрүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Нигериянын күч түзүмүнүн кызматкерлери карантиндик чараларды сактоо боюнча иш-аракетинде 18 адамды өлтүрүштү. Адам укуктары боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Тони Оджуквунун айтымында, коопсуздук күчтөрү тарабынан адамдардын укугу тебеленгени боюнча 24 штаттан 105 арыз келип түшкөн. Ал билдиргендей, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, жарандарга ырайымсыз мамиле жасоо, мыйзамсыз кармоо, ошондой эле 18 кишинин өлүмүнө айыптап жатышат.

Ал эми күч түзүмдөрү чектөө чараларын көзөмөлдөп жатышкандарын билдиришүүдө. Ошондой эле бул кесипкөй жана эл аралык стандарттарга ылайык келерин айтышууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
XATSAN125
2020-04-20 00:35:36
Бул жанылыктын эмне пайдасы бар бизге адамдын аурасын бузгандан болок пайдасы жок
+11
Sultanim
2020-04-20 01:15:12
XATSAN125,эптеп эле өлдү-пөлдү деп чыгара берсе окуй берет деп , өздөрүнүн деңгээлин көрсөткөндөн башка маани жок.
+10
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан