"Forbes" планетадагы эң бай адамдардын атын атады. Биринчи орунда Жефф Безос турат

Эл аралык "Forbes" журналы планетанын эң бай адамдарынын рейтингин жарыялады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Маалыматта жазылгандай, "Amazon" компаниясынын ээси Жефф Безос кайрадан дүйнөнүн эң бай адамы аталды. Анын байлыгы өткөн жылы 64 миллиард долларга өсүп, 177 миллиард долларды түздү.

"SpaceX" жана "Tesla'нын" акцияларына ээлик кылган Илон Масктын байлыгы бир жылда алты эсе көбөйүп, 151 миллиард доллары менен рейтингде экинчи орунга көтөрүлдү.

"Louis Vuitton Moët Hennessy" ишканасынын ээси Бернард Арно 150 миллиард доллар байлыгы менен алдыңкы үчтүктү ээледи. Журнал анын байлыгы бир жыл ичинде дээрлик эки эсе көбөйгөнүн белгилеген.

Төртүнчү орунда "Майкрософттун" негиздөөчүсү Билл Гейтс турат, анын байлыгы 26 миллиард долларга көбөйүп, 124 миллиард долларга жеткен.

Фейсбуктун башчысы Марк Цукербергдин байлыгы 97 миллиард долларга бааланып, бешинчи орунду ээлеген.

"Forbes" рейтингинде быйыл 2 миң 755 миллиардер бар - бул былтыркы жылга караганда 660ка көп.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asmat84
2021-04-07 12:33:47
Раимдин аты жокко тизмеде
Аны да бай миллиарддер деп атышпайт беле
0
zam81
2021-04-07 13:27:07
Булардын жанында жон эле байго дейм)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан