"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 133 миллионго жакын адам жуктуруп алды

Бүгүн, 8-апрелге карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 132 миллион 975 миң 654 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 75 миллион 585 миң 336 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 886 миң 242 адам илдеттен каза болгон.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 30 миллион 921 миң 647 болду. 559 миң 109 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.

Ал эми Бразилия өлкөсү экинчи орунда. Бразилияда 13 миллион 193 миң 205 адам вируска кабылган. 340 миң 776 бейтап көз жумса, 11 миллион 592 миң 159 бейтап оорудан сакайды.

Үчүнчү орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 12 миллион 801 миң 785 адамдан аныкталды. 166 миң 177 адам каза болсо, 11 миллион 792 миң 135 бейтап айыкты.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан