Аз сандагы нускада калган супермен тууралуу эң алгачкы комикс рекорддук баага сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Андагы маалыматка караганда, супер каарманга арналган алгачкы комикс менчик онлайн-аукциондо 3 миллион 250 миң долларга сатылган. Комиксти саткан адам аны 2018-жылы 2 миллион доллардан ашуун суммага сатып алган. Бул комикстин рекорддук баасы буга чейин, тактап айтканда 2014-жылы 3 миллион 200 миң долларга сатылган болчу.
Онлайн-аукциондун директору Винсента Зурзулонун айтымында, комикс 1938-жылы жарыяланган. Бул комикс учурунда бир канча миң нускада чыккан. Бүгүнкү күндө андан 100 даана гана калган. Алардын абалы ар кандай, ал эми сатылган комикс сапаты жакшы сакталгандардын бири болгон.