ЖЫЛНААМА, 9-АПРЕЛЬ: 2012-жылы Инстаграм программасын Facebook компаниясы 1 миллиард долларга сатып алган

Мындан 9 жыл мурун, тагыраагы, 2012-жылдын 9-апрелинде Инстаграм программасын Facebook компаниясы 1 миллиард долларга сатып алган. Аталган сервистин кожоюндарына Facebook 300 миллион доллар которуп, андан сырткары 23 миллиондук акция баракчаларын өткөрүп беришкен.
Инстаграм программасына кеңири токтолсок, инстаграм (Instagram) – деген сөздүн мааниси англис тилинен которгондо "Instant" – "көз ирмем", "telegram" – "телеграмма" дегенди билдирип, "көз ирмемде жөнөтүлгөн телеграмма" деген маанини түшүндүрүп турат. Аталган программаны айфон жана айпадга жүктөп алып колдонсо болот, андан тышкары андроид платформасында иштеген телефондордун ээлери да инстаграм менен колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Бул программанын негизги функциясы сүрөт жана видеолорду көпчүлүк менен бөлүшүү. Сүрөттөр үчүн инстаграмда атайын фильтирлөө бар. Жүктөлүүчү сүрөт алгач автоматтык түрдө квадрат формасына ээ болуп, андан соң сиз каалагандай фильтирлөөдөн өтөт, кийин бир катар социалдык тармактарга жана жеке инстаграмдагы баракчаңызга баалануу үчүн чыгарылат. Аталган программаны 25 тилге которуп колдонууга болот.
Алгач аталган программа "Burbn" деп аталчу. Бирок инстаграмдын жаратуучулары Кевин Систром жана Майк Кригер жогорудагы программасынан майнап чыкпагандыктан, сүрөт жаатына ыктап, инстаграмды ойлоп чыгышкан. Алгачкы жолу инстаграм 2010-жылы 6-октябрда "Apple" компаниясынын дүкөндөрүнө сатыкка коюлган.
Айта кетсек, Инстаграм программасы бүгүнкү күндө коомчулукта эң активдүү колдонулат. Ал гана эмес атактуу жылдыздардын, блогерлердин киреше табуучу булагы десек да болот.
9-апрелдин жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан