Кечээ, 8-апрелден 9-апрелге караган түнү Европа Лигасынын 1/4 финалында Испаниянын "Гранада" командасы өз үйүндө Англиянын "Манчестер Юнайтед" командасын кабыл алды.
Оюндун 6-мүнөтүндө энеден туума жылаңач адам оюн талаасына чуркап чыгып, оюнду үзгүлтүккө учуратты. Ал оюн талаасына чуркап чыгып, чөпкө жыгылып, андан кийин күзөтчүлөр тартип бузуучуну алып кетишкен.
Беттеш 2:0 эсебинде англиялык клубдун жеңиши менен аяктады.