Бир сутка ичинде коронавирус инфекциясын 4 медицина кызматкери жуктуруп алды. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашкандай, дарыгерлердин бирөө ооруну кызыл зонадан жуктуруп алган.
Бишкек шаары – 2 (1 кызыл зона);
Ош шаары – 1;
Ысык-Көл облусу – 1.
Республика боюнча COVID-19 жана пневмония илдети медицина тармагынын 4 миң 298 кызматкеринен аныкталып, анын 4 миң 223и айыкты.