Норвегиянын Осло шаарындагы үйлөрдүн биринде жалгыз жашаган кишинин жансыз денеси табылды. Алдын ала айтылган маалымат боюнча, жансыз дене батирде 9 жыл жаткан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, анын жакын тууганы полицияга батирди оңдоп-түздөө үчүн эшигин ачып берүүнү өтүнүп кайрылган. Полиция батирдин эшигин ачып киргенде, жансыз дене табылган. Укук коргоо органдарынын айтымында, ал 2011-жылы апрель айында каза болгон. Себеби муздаткычтын ичиндеги сүттүн мөөнөтү 2011-жылдын апрель айындагы көрсөткүчтө болгон. Ал улгайган адам болгондуктан табигый себептерден улам каза болгондугу болжолдонууда. Маркум түнт, башкалар менен көп мамиле түзбөгөн киши болгондуктан, анын көрүнбөй калганына эч ким деле маани берген эмес, кошуналары аны башка жакка көчүп кетти же карылар үйүнө кетти деп ойлошкон. 2018-жылдан бери ага пенсия которулбай калган.
Маркум 2 жолу үйлөнгөн жана бир нече балдары бар, бирок алардын эч кимиси атасынан кабар албаганы полицияны таң калтырууда.