Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II'нин жолдошу, Эдинбург герцогу, ханзаада Филипп 99 жашында дүйнө салды. Ал эки айдан кийин 100гө чыкмак. Бул тууралуу Букингем сарайынан расмий маалымат таратышты.
"Улуу даражалуу падышалык үй-бүлө Эдинбург герцогу, ханзаада Филипптин дүйнөдөн кайткандыгын терең кайгыруу менен билдирет. Ал бүгүн, 9-апрелде эртең менен Виндзор сепилинде көз жумду", - деп айтылган сарай тараткан маалыматта.
Январь айында Елизавета II жана анын жолдошу коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнү кабарланган. Ханзаада ден соолугунун начарлап кеткенине байланыштуу 17-февралда ооруканага жеткирилген. Бул коронавируска тиешеси жок экени айтылган. Март айында анын жүрөгүнө операция жасалган. Ханзаада 2017-жылдан бери ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу коомдук иш-чараларга катышууну токтоткон.
Филипп 1921-жылы Грециядагы Глюксбург династиясына таандык Корфу аралында төрөлгөн. Германияда, Шотландияда жана Англияда билим алган. Ханзаада аскер-деңиз флотунда кызмат өтөп, Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан.
Филипп менен Елизавета II 1947-жылы баш кошуп, чогуу түтүн булатканына 73 жыл болгон. Герцог ханышаны салтанаттуу сапарларда коштоп жүргөн.