АКШда кетчуп тартыштыгы жаралып, эми аукциондо сатылып жатат

АКШда кетчуп тартыштыгы жаралды. Кетчуп таңгактары интернет-аукциондорунда сатылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.

Маалыматка караганда, кетчуптун тартыштыгына кафе-ресторандар тамакты онлайн ташуу менен алектенип жаткандыгы себепкер болду. Пандемия шартында жарандар тамакты үйүнө буйрутма кылышууда, анда тамакка кетчуп таңгагы да кошуп берилет. Ошондой эле кетчупту таңгактоочу баштыктар да тартыш болууда. Алгач анын баасы 13 пайызга кымбаттаса, учурда дүкөндөрдө дээрлик жокко эсе.

Өлкөдө кетчуптан сырткары башка соус тартыштыгы да жаралууда. Соустун түрлөрүн жана кетчуп өндүрүүчү компания бул продукцияларды көп өлчөмдө чыгарууну улантып жатканы менен жетишсиз болууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gulina90
2021-04-10 09:32:18
Кетчуп олуп кетсин,ун май тартыш болбосун,озубуз эгип дыйканчылык кылсак эки эселеп кымьат албайт элек.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан