Дубайдагы имараттардын биринде энеден туума жылаңач фотосъемкага катышкан кыздардын бири коронавирус жуктуруп алгандыгына байланыштуу өлкөсүнө кете албай калды. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.
Маалыматка караганда, модель кыз Украинанын жараны. Чуулгандуу фотосъемкага катышкан кыздар Бириккен Араб Эмирликтеринен депортацияланышы керек болчу, бирок кыздардын бири коронавирус илдетин жуктуруп алгандыгына байланыштуу өлкөдөн чыгарылган жок. Ал айыккан соң Украинага жиберилет.
Эскерте кетсек, Дубайдагы имараттардын биринде энеден туума жылаңач кыздардын катышуусунда фотосъемка болуп, анын уюштуруучусу Виталий Гречин кармалган, учурда ал араб түрмөсүндө. Аны жарым жылга эркинен ажыратышы мүмкүн.