Окумуштуулар иттер өз ээсин кызганарын аныкташты

Жаңы Зеландиядагы Окленд университетинин окумуштуулары иттер өз ээсин кызганарын аныктап чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, мындай тыянакка келиш үчүн окумуштуулар 18 иттин жана алардын ээлери менен биргеликте эксперимент жасап көрүшкөн. Анда катышуучуларды биринде геометриялык фигуралар бар, биринде иттин куурчагы бар 2 бөлмөгө киргизишкен. Шартка ылайык, иттердин ээлери бөлмөдөгү буюмдар менен ойношкон. Иттин ээси куурчак менен ойногон учурда үй жаныбарларынан кызгануунун ачык белгилери байкалган. Ал эми геометриялык фигуралар менен ойногондо эч кандай эмоциялар байкалган эмес.

Буга байланыштуу окумуштуулар "өзү сыяктуу социалдык атаандаш пайда болгон учурда иттерде ээсин кызгануу сезимдери пайда болот" деген тыянакка келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
taxa007
2021-04-10 12:28:40
Заманыбыз тынч болуп. Өз жанын кыйды, зордуктап кетиптир, тоноп кетишиптир, өлтүрүптүр деген жаңылыктарды окубай. Жалаң ушуга окшогон ит ээсин кызганат экен, мышыкка Брюс Ли нин ыкмаларын үйрөтсө болот экен, жираф айланып тебе алат экен деген гана жаңылыктарды окуп калсак экен.
+5
Kanybekov94
2021-04-10 13:18:00
taxa007,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан