Түндүк Корея жакынкы аралыкта 3 миң тонналык жаңы атомдук суу астында жүрүүчү кемени пайдаланууга берүүгө даярданууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, суу астында жүрүүчү кеме үч "Пуккыксон" аталышындагы суу астында жүрүүчү ракетасын көтөрө алат. Учурда кеме курулуп бүттү. Пхеньян аны эң чоң стратегиялык эффект менен анын ичинде АКШга кысым көрсөтүү максатында көрсөтүүнү күтүп жатат.
15-январда Түндүк Корея жаңы суу астында сүзүүчү баллистикалык ракетасын көрсөткөн. Курал Пхеньянда Кореянын жумушчу партиясынын кезектеги съездине арналган аскердик парад учурунда көрсөтүлгөн.