"Кичүүсү 8 айлык". Тажикстанда апасы үч баласын асып, андан кийин өз жанын кыйды

Тажикстандын Согди облусунда үч бала жана бир аял даракка асынган абалда табылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басма сөз каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Пенжикент районунун Некнот айылынын тургундары даракка асылып турган төрт адамдын жансыз денесин табышкан. Жергиликтүү тургундун айтымында, каза болгондор 32 жаштагы Шахло Шарипова жана анын 6 жаштагы Мухаммаджон, 4 жаштагы Шахноза жана 8 айлык Амина деген балдары болгон.

Кийинчерээк Ички иштер министрлиги окуя тууралуу билдирүү тараткан. Анда "10-апрелде Пенжикент районунун Некнот айылынын тургуну 1988-жылы туулган Шарипова Шахло аттуу жаран үй-бүлөлүк чырдан улам үч баласын жоолук менен даракка асып, андан соң өзүн асып алган. Окуя алар жашаган айылдын жанында болгон", - деп билдиришкен министрликтен.

Өз жанын кыйган Шахло Шарипова Дүйшөмбү шаарында төрөлгөн. Ал бир нече жыл мурун Жураев аттуу жаранга турмушка чыккан. Некноттун жашоочулары буга чейин жубайлардын үйүндө олуттуу көйгөй болбогонун айтып беришкен. Алар мал багуу жана дыйканчылык менен алектенип келишкен.

Үч бала жана бир аял даракка асынган абалда табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
zilish_kg
2021-04-12 11:46:45
Бирөөгө зар дүйнө, бирөөгө кор дүйнө. Жаш балдарда эмне айып ? Өкүнүчтүү.
+9
nur8777
2021-04-12 12:19:39
Олгусу келсе озу оло бербейби. Байкуш балдар ((
+10
Zarema11
2021-04-12 12:44:15
Эне да, балдарым мен өлсөм кыйналбасын деп баарын кошо ала кетиптир да. Бирок Кудай өзүң сактай көр Жеңил ой менен. Өлгөндүн өзүнүн шору тирүүнүн күнү уланат
+1
Belek1710
2021-04-12 13:10:17
Zarema11,Энелик мээрим кайда, эненин кантип колу барды, өз баласын өлтүрүүгө кантип колу барды, өлсө өлө бербейт беле, өзүң айткандай балдары бир күн көрүп чоңоймок.
+4
Baktilek
2021-04-12 12:50:29
Ушундай жанылыктардын не кереги бар
+14
Bolotbek9191
2021-04-12 12:52:01
Байкуш балдарда эмне куно?жаткан жерлери жайлуу болсун.куйоосуда ошого жеткирсе керекда.Азыр эркектер ото майдаланып кеткен ачууларын аялдарынан чыгарбаса тан эмес
+4
AykaMer
2021-04-12 17:42:02
Эми өзүңөрдү коюп көргүлө да ордуна. Кыйынчылык болуп жатса,балдары күндөн күнгө чоңоюп кечээ зорго алган кийимдери бүгүн батпай жатса... Жашоонун кыйынчылыгына чыдабай калды да, өзү деле өлүп кете бермек бирок балдары жетим болуп кайда барат,ким баткырат үйүнө? Бирөөнүн үйүндө кордолуп кысылып жүргөнчө, өлүп кутулганы да жакшыраак болот,бул акыйкат,чындык,балаңа жакшылыктын эң жакшы жолу ушул.Но бул алсыз, жеңил ой адамдардын белгиси: Жашоо канчалык кыйын болбосун жеңип,көтөрө билүү керек.
-1
AykaMer
2021-04-12 17:46:09
Кудай дагы пендесин сүйөт, ушул сыноону бул көтөрө алат мен ишенем ага деп сыноо берет экен.Көтөрө албасын билген болсо оор сыноо бербейт эч качан... Бул аял көтөрө алат эле, дагы бир аз чыдаганда... Чыдабай сыноого сынып калыптыр да. Өз кылмышына эми өзү жооп берет наркы дүйнөдө,балдары бейиште болот.
0
defne15
2021-04-12 19:50:40
Тобба.Асканга кантип барды колу
-1
Egizderim-baktim
2021-04-12 23:13:48
Журогум ооруп п козумо жаш келди, бечара балдарды кантип мойнунан байлап асып салды, кантип колу барды асып атканын коргон балдар тушунгон деле жок да, козун жалдыратып эле кете беришти да, оюнга тойбогон жашоого тойбогон периштелер бейишинерди тилеймин.
-1
VENOM
2021-04-13 00:53:03
Ужас кинонун сценарийи го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан