Орусиялык продюсер жана композитор Максим Фадеев аталган өлкөнүн жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде бир жылдын ичинде 115 килограммга арыктаганын айтып берди.
Анда Фадеев спорттун түрлөрү менен (чуркоо, сууда сүзүү, жөө жүрүш) менен үзгүлтүксүз машыга баштаганын, массажга жана гидротерапияга барганын, ошондой эле стресстен узак болуп, тамекини таштаганын айткан. Ал ден соолугуна байланыштуу ашыкча салмактан арылууну чечкен. Тагыраагы продюсердин жүрөгүнө доо кете баштаган. Ошол эле учурда пластикалык операция жасатты деген маалыматты четке кагып, дагы 20 килограмм салмак таштоону пландап жатканын кошумчалаган.
"Январь айынын аягында Максим Фадеев анын тамактануу режимин анализдеген видео үчүн диетолог Алексей Ковалковду айыптап, аны сотко берем деп коркуткан" деп жазылган маалыматта.
Диетолог мындай кыска убакыттын ичинде салмактын кескин төмөндөшү ден соолукка көптөгөн көйгөйлөрдү алып келиши мүмкүн экендигин айтып, продюсерге пластикалык хирургдардан жардам сурап көрүүсүн сунуштаган.
Фадеев өзү билген маалыматтарга таянып, интуиция менен арыктап жаткандыгын айткан.