Орусиялык RT телеканалы 1962-жылы жазылган Юрий Гагариндин видеосун нейрон тармактарын колдонуп түстүү кылып жасап чыкты. Видео архивден табылган.
Видеодо Гагарин бардык адамзатын алгач эле Космонавтика күнү менен куттуктаган.
"Кымбаттуу достор, бүгүн адамзаттын тарыхындагы адам космоско биринчи жолу учканына бир жыл болду", - деген Гагарин.
Юрий Гагариндин 1961-жылдын 12-апрелинде адамзат тарыхында биринчи жолу космоско учушуна байланыштуу бул күн Авиация жана космонавтиканын бүткүл дүйнөлүк майрамы катары белгиленип калган.
12-апрелге карата жылнаама.