Тажикстанда аял милиция кызматкерлери үчүн атайын эки форма сунушталды. Аталган форма парадга чыгууга жана талаада жүрүүгө ылайыкташып тигилген. Бул тууралуу Тажикстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Министрликтин маалыматы боюнча, формалар атлас жана адрас кездемелеринен улуттук жана европалык стилде тигилген.
Сунушталган форма Согди облусунун дизайнерлери тарабынан иштелип чыккан.
Белгиленгендей, полиция кызматкерлери үчүн талаа формасы камуфляж түрүндө тигилген.
Министрлик кошумчалагандай, варианттар президент Эмомали Рахмонго көрсөтүлгөн.
Учурда ИИМдин аял кызматкерлери үчүн формаларды бекитүү маселеси чечилүүдө. Акыркы чечимди республиканын башчысы кабыл алышы керек.