Португалиянын Вила-Нова-ди-Гая шаарында жайгашкан зоопаркта маймыл 5 жашар баланын манжасын тиштеп, жулуп алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 9-апрель күнү бала ата-энеси менен зоопаркка барган. Бала маймыл жаткан капаска жакындаганда ал колун тиштеп, манжасын жулуп алган.