Тилсиз жоодон каза болгондор бар. Санкт-Петербургда имараттардын биринен ири өрт чыкты

Санкт-Петербургдагы "Невская Мануфактура" фабрикасында ири өрт чыкты. Өрттү өчүрүүгө барган жергиликтүү ӨКМнын кызматкери каза болуп, эки кызматкер оор жаракат алышты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, каза болгон кызматкер өрт өчүрүү кызматынын башчысы жана 64-өрт өчүрүү бөлүмүнүн командири болгон, ал эми жабыркагандар денесинен 40-50 пайыз күйүк алышкан.

Өрт тууралуу билдирүү өрт өчүрүү кызматына түнкү саат 12:35те түшкөн. Өрткө эң жогорку делген бешинчи татаал даражасы берилген. Өрттү өчүрүүгө 300 адам жана бир тик учак тартылган. Алгач өрттүн аянты 200 чарчы метр деп болжолдонсо, кийин өрт 10 миң чарчы метр аянтты жалмап кеткен. Имараттан 40 адам эвакуацияланып, алардын экөө ооруканага жаткырылган.

Өрттүн келип чыгуу себептери азырынча белгисиз. Өндүрүштүк имаратта өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу - өрттөн коргоо тутумдарынын жоктугу же иштебей калганы аныкталган. Андан тышкары, имаратта өрттүн тез жайылышына шарт түзгөн тез күйүүчү материалдар болгон деп жазылат маалыматта.
Санкт-Петербургдагы "Невская Мануфактура" имаратынан ири өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан