Орусиянын Великий Новгород шаарында Космонавтика күнүнө карата таасирдүү шоу көрсөтүлдү. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарады.
Маалыматка ылайык, түнкү асманда квадрокоптерлер биринчи спутниктин, космонавт Юрий Гагариндин ракетасынын, ошондой эле эл аралык космос станциясынын элесин чагылдырган. Ошондой эле 60 жыл мурунку Юрий Гагариндин космоско учуусун көрсөтүштү.