Улуу Британияда дүйнөдөгү эң чоң коён уурдалды

Улуу Британияда Дариус аттуу дүйнөдөгү эң чоң коёнду уурдап кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, анын ээси коёнду кайтарып бергендерге 1000 фунт (1 миң 300 доллардан ашык) сыйлык сунуш кылган.

Дариус дүйнөдөгү эң чоң коён катары "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. Анын денесинин узундугу 129 сантиметрге жетет.

Басылмалардын билдиргенине караганда, коён ээлери менен Англиянын Вустершир аймагында жашачу. Полициянын айтымында, ал жекшемби күнү кечинде короодон уурдалган. Коёндун ээси Аннет Эдвардс уурдагандардан үй жаныбарын кайтарып берүүнү суранып, сыйлык сунуш кылган. Ал ошондой эле коён тукум улай албай калгандыгын белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан