АКШ президенти Жо Байден адамзаттын кезектеги пандемиясына азыртадан даярдануу керек экендигин айтты. Бул тууралуу Байден америкалык басылмалардын бирине берген маегинде айткан.
"Алдыда дагы бир пандемия болот. Ага азыртадан даярдануу керек", - деген Жо Байден.
Мындан тышкары Жо Байден алдыдагы пандемия анын администрациясы сөзсүз түрдө иштеши керек болгон актуалдуу маселелердин бири экендигин баса белгилеген.
АКШ дүйнөдө коронавирус көп катталган өлкөлөрдүн ичинен биринчи орунда турат. Акыркы маалыматтар боюнча, бул өлкөдө 31 миллион 422 миң 228 адамдан коронавирус аныкталган.