Пандемияга арналып тартылган сүрөт "жыл сүрөтү" деп табылды

Бразилияда коронавирус пандемиясы күчөп турган маалда тартылган сүрөт "World Press Photo" версиясы тарабынан "жылдын сүрөтү" деп табылды. Бул сүрөттү даниялык фотограф Мадс Ниссен тарткан. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, жеңүүчү кечээ, 15-апрелде өткөн онлайн салтанатта аныкталды.

"2020-жылы август айында тартылган "Биринчи кучак" аталышындагы сүрөттө Сан-Паулудагы карылар үйүндөгү медайымдын целлофан көшөгө аркылуу ошол жерде жашаган 85 жаштагы Роза аттуу аялды кучактап жатканы тартылган. Пандемияга байланыштуу Бразилиядагы бардык карылар үйлөрү март айынан бери жабык болуп, ал жактагы кызматкерлер карылар менен байланышты азайтууга аргасыз болушкан. Мына ошондо карылар үйүнөн бул маселени чечүүнүн жолу катары кучакташуу үчүн коопсуз целлофан тосмо ойлоп табышкан", - деп жазылат маалыматта.

"World Press Photo" - 1955-жылдан бери берилип келе жаткан, өзгөчө тарыхы бар фотографтардын эл аралык конкурсу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан