Нигерияда ширеге ууланып, он адам каза болду

Нигериянын түндүгүндө жемиш ширесине ууланып, он адам каза болуп, 400 адам ооруканада жатат. Бул тууралуу Нигериянын түндүгүндөгү Кано штатындагы бийликке шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, өткөн айда Нигерияда ширеден ууланып, дагы 183 адам ооруканага жаткырылып, үч адам каза болгон. Кано штатынын саламаттыкты сактоо боюнча комиссары Амину Цаньявындын айтымында, буга чейин штаттын Саламаттыкты сактоо министрлиги стандарттуу эмес суусундукту колдонууга байланыштуу таң калычтуу оору чыккандыгын жарыялаган. Сөз болуп жаткан жасалма суусундук бөйрөккө жана башка маанилүү органдарга зыян келтирери белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан