
Жаңы Зеландияда 2004-жылдан кийин төрөлгөндөргө тамеки тартууга толугу менен тыюу салынат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Жаңы Зеландия бийлиги тамеки өнүмдөрүн сатып алууга уруксат берген жаш куракты акырындык менен көбөйтөт жана 2004-жылдан кийин төрөлгөн муундун тамеки сатып алуусуна толугу менен тыюу салат деп болжолдонууда.
Өлкө бийлиги ушундай радикалдуу чара көрүү менен мамлекет 2025-жылга чейин тамеки чегүүдөн толугу менен баш тартууга жетишүүнү күтүүдө.