Азык-түлүктүн дагы 10 түрүнүн баасы боюнча чеги аныкталды

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги 20-мартка карата азык-түлүктүн 10 түрүнүн баасы боюнча максималдуу деңгээлдеги чекти белгиледи.

Талдоо өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы боюнча нан, макарон, өсүмдүк майы жана пахта майы, шекер, жумуртка менен эттин дүң жана чекене баасынын максималдуу деңгээли белгиленди.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, бааларды жөнгө салууда ишкерлердин бардык чыгымдары эсепке алынган. Бүгүнкү күндө бир катар мамлекеттик кызматтардын адистери бааларга көзөмөл жана мониторинг жүргүзүп жатышат.

Чектөөлөрдү бузгандар Кыргыз Республикасынын Мыйзам бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик жоопкерчиликке тартылышат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
sirenaaaaa
2020-03-20 20:36:07
Эт эмне мынча кымбат
0
kuttubekuzgen
2020-03-20 20:41:00
sirenaaaaa,эт мурунтан эле ушундай баа менен сатылатко?
+6
KG.Kushtarbek
2020-03-20 20:55:16
Пахтанын не кереги бар
-5
Saliman
2020-03-20 21:14:57
KG.Kushtarbek,пахта эмес ,пахта майы
+7
futboler
2020-03-21 00:07:56
KG.Kushtarbek,пахта койгондорго керек)))
0
admiral
2020-03-20 20:56:13
Чектоого карабай эле каалагандай бааны которуп сатып атат ноокатта. Тийиштуу органдар ноокатты жакшылап козомолдогулочу.
+6
gitaris93
2020-03-20 21:14:54
Картошка бишкекте орто сайда 30 35 болуп жатат чара көрүлөбү буларга
+5
Saliman
2020-03-20 21:23:40
Бир кг ун 45 сом болсо 50 кг ун 2250 сом болуп калабы?Нан кг 45сом дептир.тушунбодум мен .тушунгондор айта кеткилечи
+3
Omar.
2020-03-20 21:53:23
Этти бир жумадан бери 370 тен алып атабыз
0
Omar.
2020-03-20 21:54:34
Антимонополиянын номерин кошо жаза кетсеңер.
Бааларга чектөө болгону менен антимонополия иштебесе без толк.
+5
Kyrgyz-aiym
2020-03-20 22:21:25
Макарон 50-60 сомдон кант 55 сом картошка 30 сомдон экен бугун коруп алып келдим
+1
tina-Tin
2020-03-20 23:25:40
Баткен эн кымбатго)))
+2
Adil18
2020-03-21 03:06:04
Монополияга каршы жонго салуу агенттигинин областтардагы байланыш номерлерин жазсанар эл менен булар иштешеби баалар кымбат болуп жатса?
Номерлерин жазгыла!
Бул кызмат айлык алып иштешеби мамлекеттин казынасынан.Эмне учун эл менен тыгыз байланышта болуу учун номерлерин кошо тиркеген жок?
Жоопкерчиликтин жоктугунан,соз менен айтыла берет,бирок иш жузундо башкача.
+1
Adil18
2020-03-21 03:12:19
Айыл чарба министри кайда журот?
Тамак-ашка болгон продукталардын баалары которулбойт,запас бар.Кошуна Казак мамлекетинен алганга дагы мумкунчулук бар эч кандай тоскоолдуксуз деп Абылгазиев менен Асрандиев айтып жаткан.
Чындап запас болсо,ал убакта продукталардын баасы арзан болчу.
Элге жана сатуучуларга кайрылуу жасап
0
Adil18
2020-03-21 03:17:05
Запастагы продукталарды озунор адамдарды дайындап элге саткан жоксунар мурунку баа менен.Бугун дагы кеч эмес.Сатуучулар бааны которуп,элди кыйнап жатышат.Алардан албагыла,мына биздин даректер деп айтышынар керек болчу.Эски баа менен сатабыз.Ар бир адам башына деп.
Комменданттар бар,айыл башчылар бар.Журнал менен карап болуштуруп сатыла берет.
0
Adil18
2020-03-21 03:22:04
Менин жиним келип жатканы 18 сомдон болгон картошка бугунку кундо 27 сом.
Мен 10 кг алган элем.Запас бар,дурболонго тушпогуло дегенинен ишенип (негизи ишенбейт элем,бирок мамлекеттик резервте болот го деген ой келген болчу) мушок алган эмесмин.
Улуу урматтуу мамлекеттик жооптуу кызматтарды жетектеп жаткан жетекчилер создорунуздорго жооптуу болсонуздар.
1 ай мурун Озгондо маска 15 сом болуп жатат десе кымбаттабайт жана жетиштуу дегенсиздер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан