
Дарыгерлер Медициналык академиянын жана Билим берүү министрлигинин илимий кеңешинин мүчөлөрүнөн саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри
Алымкадыр Бейшеналиевди илимий даражаларынан ажыратууну талап кылышууда. Бул тууралуу аталган сунуштун демилгечиси
Айсулуу Атаканова Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
"Акыркы окуяларга байланыштуу тергөө жүргүзүп, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин илимий даражаларын жокко чыгарууну суранам!
Ал илимий чөйрөнү, жүздөгөн профессорлордун жана миңдеген илимдин кандидаттарынын беделин түшүрдү. Кыргыз өлкөсүндө эгер окумуштуулар мындай кадам жасап жатса, диссертациялар менен илимий наамдар бир тыйынга деле арзыбайт. Министр учурдагы мыйзамдарды гана бузбастан медицинанын негизги мыйзамдарын жана мүмкүн болгон илимий жана этикалык нормаларды да бузган.
Кыргыз өлкөсүндө илимий жана академиялык чөйрө көз карандысыз, адилеттүү жана заманбап бойдон калууга тийиш. Илимий чөйрө бийликке баш ийбеши керек. Учурда укук коргоо органдары тарабынан адилеттүүлүккө ишенүүгө болбойт.
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын бүтүрүүчүлөрүнүн атынан мындай өзүм билемдикке жол бербөөнү суранам! Мындай жагдай кайра уланышы мүмкүн. Ар бир илимдин кандидаты адамдарга жаңы ууларды же дары-дармектерди колдонуп көрүүнү үйрөнүшөт", - деген Айсулуу Атаканова.
Белгилей кетсек, аталган демилгени далилдүү медицина жаатындагы белгилүү эксперт
Бермет Барыктабасова да колдоду.
Эске салсак, Кыргыз өлкөсүнүн президенти Садыр Жапаров өлкөнүн дарыгерлери коронавирусту эффективдүү дарылоонун жолун тапканын билдирген.
"Оору башталганда барсаңыздар дарыгерлер бир же эки күндүн ичинде таптаза айыктырып чыгарып жибере турган дары таап алышты. Ал дары тууралуу видедон көрсөңүз болот", - деп жазган президент социалдык тармактагы баракчасына.
Постко тиркелген видеодо адамдар тунук затты бөтөлкөгө куюшат. Бөтөлкө этикеткаларында "Ысык-Көлдүн тамыры" деп жазылып турганын көрүүгө болот.
Бул видео жана билдирүү коомчулуктун кызыгуусун жаратып, талкууга алына баштады. Көпчүлүгү социалдык тармактагы баракчасына бул суусундукту ичүүгө болбой турганын, аны колдонуу өтө кооптуу экенин жазып чыгышты.
Талкуу жаратып жаткан уу коргошунду колдонуу жолу, кантип үчүү керектигин 16-апрелдеги маалымат жыйында саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев айтып, атүгүл ал тундурманы журналисттерге көрсөтүп ичти.
Айтымында, алар бул ичимдикти колдонуп 300 коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылаган жана аны колдонуу айтылып жаткандай кооптуу эмес.
Маалымат жыйындан кийин талкуу кайра күч алды. Мындан улам SUPER.KG порталы адис менен бул теманын тегерегинде маектешти. Окурман, маекти толук ушул шилтемени шилтеп кирип окуңуз.
Ал эми талкуу жараткан бул темадан кийин өздөрүн элдик дарыгер атаган табыптар бул өсүмдүккө карата маалыматтары менен бөлүшө баштады.