Орусиялык ырчы Надежда Бабкина коронавирус жуктурганы аныкталып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ырчы айым 1-апрелде абалы начарлап, ооруканага жаткырылган. Ага болжолдуу пневмония деген диагноз коюлуп, дарылап баштаган. Коронавирустун бар же жогун аныктоо үчүн тест алышканда, жыйынтыгы оң болуп чыккан.
Надежда Бабкинанын уулу Даниил Заседателев апасы коронавирус менен жабыркаганын тастыктады. "Карантин учурунда апам дарыгердин берген кеңештеринин баарын аткарган. Бардык жолугушуу, кечелерин токтоткон. Мен ал ким менен жолугуп же байланышта болгонун айта албайм", - деген уулу.
Эске салсак, буга чейин орусиялык ырчы Лев Лещенко коронавирус жуктурганы маалым болгон. Учурда ырчынын абалы жакшы деп бааланып, жакынкы күндөрдө ооруканадан чыгарылары айтылууда.