20-апрелде уу коргошунга ууланган бейтаптар ооруканага түшкөн. Алардын үчөө ооруканадан чыгарылса, бирөө дарылануусун улантып жаткан. Бүгүн, 26-апрелде ал да айыгып үйүнө чыкты. Улуттук кардиология борборунда дарыланган 63 жаштагы Дүйшөн Абдылдаев биз менен маек курду.
"Орозо башталгандан 2-3 күндөн кийин коронавирус илдетинин белгилери байкалып, алсырап, кускум келип, уйкум бузулду. Ошондо сасык тумоого каршы дарылардын түрлөрүн алып ичтим жардам берген жок. Бул коронавирустун башталышы экенин билдим. Буга чейин уу коргошунду пайдаланып жүрчүмүн. Сактап жүргөн уу коргошунду болжол менен даярдап ичтим. Негизи аны тамчылатып, акырындык менен дозасын көбөйтүп ичиш керек. Мен антип отурбай эле ичип алдым. Ошол эле күнү дене табым түшүп, уйкум калыбына келип, бүткөн боюм ооруп жаткан ал да жок болуп, бир аз шишигенсип турган тамагым да айыкты, жакшы болуп калдым. Бирок ичкен уу коргошун аздай сезилип, инфекция калып калбасын деп дагы ичип алгам. Жалпы доза көп болуп кеткендиктен ууланып калдым деп ойлойм. Улуттук кардиологиядан текшерилип, толук айыкканым далилденди. Менде эч кандай вирус калбаптыр. Аконитти ичкенде эле жок болгон экен, былтыр дагы айыккам", - дейт ал.
1990-жылдан баштап элдик медицина менен алектенген каарманыбыз уу коргошунду ошондон бери эле дары катары пайдаланып келерин айтат.
"Мен бул каражатты көп колдонуп, жарандарды дарылабайм. Сейрек эле пайдаланам. Аконитти элдик дарыгердин же илими бар доктурдун көзөмөлүндө гана колдонуу зарыл. Мен негизинен дем салам. Бизде дары чөптөр өтө көп жана пайдалуу. Биздеги аконит дүйнө боюнча эң күчтүү дары чөп болуп саналат. Залалдуу шишик дарттарынын бардык түрүнө жакшы. Аны шишикке сүйкөп же ичсе дарттын өзөгүн жок кылат. Аны колдонууда жылуулукту сактап, дозасын акырындык менен көбөйтүү керек. Уу коргошун бейтаптын организмине, салмагына жараша колдонулат. Аконит тигил ооруга жардам берет, буга жардам бербейт дей албайбыз, далил жок. Изилдөө талап кылынат".
Ал эми уу коргошунду кандай шартта алганы боюнча Дүйшөн мырза төмөндөгүлөргө токтолду.
"Негизи бул чөптүн тамырын базардан алгам. Каражат калаанын базарларында ачык эле сатылып келет. Буга чейин сатып алгам, ошондон калганын сактап койгом. Ошону эле колдондум. Бизде дарыларды даярдап, сактоо боюнча жайлар дээрлик жок.
Кытайда элдик медицина менен салттуу медицинаны бириктиришкен. Ошол себептен бул багытта Кытайда зор жетишкендиктер болууда. Биз дагы ошентип өнүктүрүшүбүз керек. Анткени биздеги чөптөр, тамырлар күчтүү болуп саналат. Ууланбас үчүн илимий изилдөөлөрдү биргелешип жүргүзүү абзел. Мен бул маселени ажобузга айтып чыксам деп жатам", - деди ал.
Окуянын чоо-жайы:
Буга чейин өлкө башчысы Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына дарыгерлер коронавирустан 2-3 күндө айыктырып чыгара турган ыкма табышканын билдирген. Бул боюнча жазылган постко адамдар сыртына "уу коргошун" деп жазылган бөтөлкөлөргө суюктукту куюп жаткан видео тиркелген.
16-апрелде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын өткөрүп, уу коргошун менен дарылоо боюнча түшүндүрмө берип, аталган өсүмдүктүн кайнатмасын түз эфирде ичкен. Бул коомчулукта ар кандай талкууларды жаратып, мындай дарылоо ыкмасына көпчүлүк сын-пикирин айтууда.
20-апрелде 3 бейтап оор абалда ооруканага түшкөнү, алар уу коргошунга ууланганы маалымдалган.