Өзбекстанда бир күндө 121 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Ташкентте - 113, Ташкент облусунда - 5, Андижанда - 3 адам илдетти жуктуруп алган. Бүгүн, 21-август саат 17:00гө карата коронавирус жуктуруп алгандардын саны 37 миң 946га жетти. Бир күндө бул илдеттен 2 адам каза болду. Ал эми коронавирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 33 миң 809ду түзөт.