Коңшу Өзбекстанда 31-июлдан 2-августка чейин жана 8-9-август күндөрү транспорттук тосмо киргизилет. Мындай чечимди республикалык комиссия кабыл алганын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бул күндөрү шашылыш медициналык жардамга муктаж болгондо гана (кош бойлуулук, төрөт, травма, ВИЧ / СПИД, онкология, радиация терапиясы, гемодиализ, хирургия жана башка өмүргө коркунуч келтирген учурлар) жеке унаа менен жүрүүгө уруксат берилет.
Буга чейин Өзбекстанда коронавирус пандемиясынан улам карантин 15-августка чейин узартылган.
Акыркы маалыматтар боюнча, бул өлкөдө жалпы 20 миң 531 адамдан коронавирус аныкталды. 116 адам каза болсо, 11 миң 105 бейтап айыгып чыкты.