Кыргыз өлкөсүндө бир сутка ичинде 8 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бул тууралуу ыкчам штаб маалымдайт.
Муну менен жалпы айыккандардын саны 658ге жетти. Сакайып чыккандардын 7өө Бишкек шаарында, 1өө Нарын облусунда.
Азыркы тапта 261 бейтап стационарда дарыланууда, алардын ичинен 6 адам жандандыруу бөлүмүндө.