"Президент менен Москвага барган делегациянын мүчөлөрү Кыргыз өлкөсүндө тапшырган ПЦР-тест сапатсызбы?" деген суроого жооп

Бүгүн, 25-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн маалымат жыйын берүүдө.

Анда ага "Президент менен Москвага барган делегациянын мүчөлөрү Кыргыз өлкөсүнөн ПЦР-анализ тапшырса таза чыгып, Москвага барганда коронавирус аныкталды. Бизде ПЦР-тест сапатсыз жүргүзүлүп жатабы?" деген суроо берилди.

Каратаев: "Сапатсыз ПЦР-тест жүргүзүлбөйт. Лабораториялар бирдей эле. Качан тапшырылганы боюнча маалыматым жок экен. Атайын изилдеп анан айтуу керек", - деди.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Сооронбай Жээнбеков жана аны менен барган Кыргыз делегациясы Москва шаарында коронавируска тест тапшырган. Президентти коштоп баргандардын экөөнөн коронавирус аныкталды.

Тагыраагы президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматынын бир кызматкеринен илдет аныкталды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Belek1710
2020-06-25 10:48:27
Начар эле
+1
Adil18
2020-06-25 10:53:56
Качан тапшырганын билуу керек дейт.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басарында маалымат жок.Айтайын дегеним ишеним,кызматташуу,ынтымактын жоктугу.
Болгону ушундай учурда креслону ойлобой туурасын гана айткан жакшы.Аты булганганга караганда жузу жарык кызматын тапшырып кеткени жакшы.
С.Жээнбеков элди ойлосонуз,элим учун баарына даярмын десениз кызматтан кетинизчи!
Бизге жакшы эл сыйлаган президент керек.Ак же кок деп суйлобогон президенттин кереги жок!
+4
Zhiidegul_Abdinazarova
2020-06-25 13:54:46
Adil18, анда ким президент болот?
+1
gute
2020-06-25 11:01:58
Позорище
+1
Sakura715
2020-06-25 11:02:21
Шерменде эле болдунар го э баарысына,тиги коронавирус чыгып жатат ,кунуго 200-300 адам деген результатка да ишенбей калдым.Бут сайттар жазып жатат азыр кечээги ишти.Билбесенер жардам сурагыла кантип туура текшерет деп!Дагы Бишкекти жабабыз дегендерин.Озулору вирус эмне экенин билет бекен же катуурак чучкуруп койгондорду деле списоко киргизип жатасынарбы?

Уят эле....
+3
Sakura715
2020-06-25 11:07:50
Ещё качан текшерилгени белгисиз дейт,неужели мээнерге келбеди баргандан мурун текшериш керек деген нерсе!?Же коштоп барчулар менен суроо-жооп кылып , температура барбы,жотол жокпу деп эле текшерип койдунарбы?

Жонокой депутаттар болсо бир жон, президент ушундай акыбалга тушкону вообще...
+4
-BOSS-
2020-06-25 11:40:36
Кечеги окуядан кийин, кыргыз өкмөтү канчалык деңгээлде иштээрин көрсөтүп койду!
+5
Alixan-Nookat.2015
2020-06-25 11:59:05
Качан тапшырганы боюнча маалыматым жок экен дейтго булар. Анда делегация тест тапшырган эмес же тесттери сапатсыз.
+3
bond
2020-06-25 12:10:32
Политика болушу мүмкүн өздөрү атайын жуктуруп биздин президентти уят кылып коюшу да мүмкүн.
-2
Krai
2020-06-25 15:57:56
Эмнеси болсо да биздин өлкөнүн жүзүн биздин кыргыз элин башка өлкөдө аброюн дагы бир жолу уят кылдыңар. Эң чооң күнөө саламаттыкты сактоо министрлигинин күнөөсү болуп атат бул жерде.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан