Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кечээ, 28-апрелде Баткенде болгон чек ара чырына байланыштуу маалымат таратты.
Маалыматта айтылгандай, кырдаалдын курчушуна Тажикстандын жарандарынын чагымчыл аракеттери себеп болгон. Алар Кыргыз өлкөсүнүн жарандарына жана алардын үйлөрүнө таш ыргыта башташкан.
Андан кийин тажик тарап жолдон өтүп бараткан Кыргыз жарандарынын унааларын аткылай баштаган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын арасында жаракат алгандар бар.
Тажикстан Республикасынын Чек ара башкармалыгынын жетекчилиги менен телефон аркылуу байланышуу мүмкүн болбой жатканы жазылат маалыматта.