"Короо жайыма кадимкидей жайгашып, снайперге жай даярдап, үйгө кирип жатышкан" дейт Арка айылынын жашоочусу (видео)

Өткөн аптада Кыргыз-Тажик чек арасында чыр чыгып, ал кан төгүлгөн кайгылуу окуяга жетти. Кыргыз тараптан чек арага жакын жайгашкан айылдарда бир нече үйлөр, дүкөн, мектептер өрттөнүп кеткен. Аткылоо башталганда айыл тургундары үй-жайын таштап, тынч аймактарга эвакуацияланган болчу.

Ошол учурда тажик тараптан кирип келгендер короо-жайыма кадимкидей жайгашып, аткылоо, бизге кол салуу иштерин жасашкан деди Лейлектин Арка айылынын жашоочусу Эрлан Мукарамов.

"Тажик тараптан кирип келгендер жолго шашпай, мына минтип каптардан блок пост коюшуптур, дүкөндөрдү тоноп, андагы таттууларды менин үйүмө алып киришиптир. Өздөрү да тамак-ашын камдап алып, шашпай кадимкидей жайланышкан экен. Үйдүн ичине терезе аркылуу кирип, бир бөлмөгө килем салып алып жатышыптыр. Муздаткыч, телевизор өңдүү техникаларымды көтөрүп кетишиптир.

Короого болсо атайын снайперге жай даярдашкан", - деди Эрлан Мукарамов.

Видеодон көрүнгөндөй, жерге килем салынып, үстү шифер менен жабылып атайын жер даярдалгандай.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nina.alex
2021-05-03 11:45:34
Акмак Эл экенго тажик деген
+11
Mastura90
2021-05-03 12:24:18
Тажик дегенде каракчы ууру адамды элестетип калат экен эми азыркы өсүп жаткан жаштар
+7
Apyn8793
2021-05-03 12:28:38
Тажиктерде эч нерсе жок. Москвадан тажиктер олкосуно боктон башканын баарын жонотот, Бизде эч нерсе жок деп озулору эле мойнуна алышкан
+7
Kakush95
2021-05-03 12:58:07
Лөлулөр эштеке көрбөгөн
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан