Жайгашкан 17 үй толугу менен күйүп, таш-талканы чыккан Баткендеги Көк-Терек аймагынан сүрөттөр

Баткен районуна караштуу Ак-Татыр айыл аймагындагы Көк-Терек аймагында жалпысынан 17 түтүн жайгашкан. Бирок бүгүнкү күндө бул аймактын таш-талканы чыгып, бардык турак үйлөр, унаалар күйүп, күлгө айланып жатат.

Жеринен жергиликтүүлөр маалымдагандай, бүгүнкү күндө аймакта эч ким жашабайт, аймак бош турат.

"17 үйдүн баары короо-жайы менен кошо толук өрттөлгөн. Унаалардын тетиктерин чыгарып кетишкен. Жалпы алты унаа өрттөлүп жок болгон", - дешти жашоочулар.

Эске салсак, 29-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасында чыр күчөп, ал тажик тараптын агрессивдүү ок атуу, үйлөрдү өрттөөсү менен уланган. Анын кесепетинен, Кыргыз өлкөсүнүн расмий маалыматтары боюнча, 35 жаран каза болуп, 200гө жакын адам жаракат алды. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чырдан улам келтирилген чыгымдар такталып жатканын маалымдаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira...
2021-05-03 22:06:07
Өлүгүндү көрөйүн перс тажиктер ылайым оңбогула, башыңар сайда калып иттер талап жок кылсын. Тооба, тооба.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан