Азербайжан мамлекетинин алып баруучусу, интернетте популярдуу болгон ырлардын жана афоризмдердин автору Кямран Размовар кыргыз эли менен тажик элине кайрылуу жасады.
"Тажик бир туугандар жана кыргыз бир туугандар, силерге өлкөсү 30 жылдан ашуун убакыттан бери коңшу мамлекет менен куралдуу кагылышып жаткан Азербайжандан кайрылып жатам. 30 жылдан бери согушуп келе жатабыз, ыйладык, жерге бердик, жеңишке жетүүгө аракет кылып келебиз. Бирок бул жаңжалдан ким көп пайда табат? Курал саткан адам. Чет өлкөдө эс ала турган, балдары Европада окуй турган, энелери көз жаш билбегендер жана аялы күйөөсүн жерге бербеген адамдар. Силер жөн жерден жок болосуңар. Бул кичинекей жалынды азыр өчүр, анткени токой толугу менен күйүп кетет ", - деген ал.
Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан кыргыз тараптан 154 адам жаракат алып, 31 адам каза болду.