30-апрелде саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Баткен облусундагы чек ара чырынан жабыркагандарга жардам берүү үчүн аталган аймакка учуп кеткен.
Ал азыркы тапта чыр болуп жаткан Лейлек районунда жүрөт. Айтымында, аталган аймакта азыр да абал курч бойдон, тынчсызданган жарандар көп.
Министр жериндеги абал тууралуу билдирип жатып, Жогорку Кеңештин депутаттарына ачууланды. Айтымында, азыркы тапта чыр болуп жаткан тилкеде бир дагы депутаттын карааны көрүнбөйт.
"Абалды тынч деп айтууга болбойт, кырдаал курч. Бирок өкүндүргөнү мында бийлик өкүлдөрүнөн эч ким жок. Кана мени сындаган депутаттар, келип элге жардам берип, бул жактагы абалды жеринен көрбөйбү?", - деди министр.