Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ӨКМ жана Кызыл Ай уюму тарабынан Баткен шаарынан Лейлек районуна атайын учак менен медициналык дары-дармектер, гигиеналык каражаттар жиберилди. Жүк ташуучу унаалар менен азык-түлүк да жөнөтүлүүдө.
Белгилей кетсек, кечээ, 29-апрелде кечинде Лейлек районунун чек аралаш аймактарынан 13 миң 500 адам коопсуз жайга чыгарылган.
Орун алган кырдаалга байланыштуу облустук өкүлчүлүк атайын банктык эсеп ачты.