Депутат Төрөбаев: "Баткендеги чек ара чыры боюнча эл аралык коомчулукка жеткирүү үчүн тышкы иштер министри баяндама жасашы керек"

Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңеште Баткендеги чек ара чыры боюнча маселени кароону күн тартибине киргизүү сунушталып, колдоо тапты.

Анда депутат Бакыт Төрөбаев тышкы иштер министрин жыйынга чакыруу зарылдыгын айтты. "Баткендеги окуя эл аралык деңгээлдеги окуя болуп калды. Ошон үчун депутаттар Баткенге барып келишти. Аскерлер менен сүйлөшкөндө бир топ сөздөр болгону айтылды. Депутаттар Улукбек Мариповду келсин деп жатышат. Эл аралык деңгээлдеги маселе болгон үчүн тышкы иштер министри келиши керек. Биз бир топ уюмдардын мүчөсү болобуз. Эки өлкөнүн ортосунда кайсы келишимдер бузулганы боюнча тышкы иштер министри түшүндүрүп бериши зарыл. Эл аралык коомчулукка жеткиребиз десек, тышкы иштер министри келиши керек", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан