Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылышуу боюнча билдирүү таратты

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылышуу боюнча билдирүү таратты. Ал билдирүүнү Фейсбук баракчасына жарыялады.

"Урматтуу мекендештерим! Азыр баарыбыздын жүрөгүбүз Баткенибизде болуп жаткан окуялардан улам канталап турат. Кайтыш болгон мекендештерибиздин бейишин тилейбиз. Алардын жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Жараат алган мекендештерибиз тезинен сакайып кетсин.

Урматтуу мекендештерим, азыр чагымчылдыкка алдырбай, биримдикти баарынан жогору коё турган учур болуп турат. Эл кайгысынын арты менен өз атын чыгара турган мезгил эмес. Мамлекетибиздин жетекчилигинин, чек арачыларыбыздын, күч органдарынын, Баткендеги мекендештерибиздин аракетин жапырт колдойлу!

Ыйык Орозо айында ар бирибиз сабырдуу бололу. Чыр-чатакка эмне себеп болгонун иликтегенге убакыт болот. Азыр элди козутпайлы. Биздин жарандык негизги колдообуз - мына ушул. Жараткан Кудай элибизге амандык, жерибизге тынчтык берсин", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Jaraisyn
2021-04-30 19:18:24
Азаматсыз Сооронбай Шарипович!
+38
zhaynak
2021-04-30 19:20:55
Айтканыныз келсин урматтуу Сооронбай Шарипович.
+34
Jigit--
2021-04-30 19:21:54
Туура
+24
Asmat84
2021-04-30 19:28:16
Аллахым колдосун сизди убагында сизди баалай барктай албадык
+21
Elaman0693
2021-04-30 19:57:08
Asmat84,Азыркы бийликти барктайлы, эмнеси болсода колдоо керек! Сен только кеткен бийликти колдойт турбайсынбы? После пожара ..... SOS болуп
-14
Tyty1990
2021-04-30 20:11:19
Elaman0693,сенин оюң бир тыйын
+11
bessmertiy
2021-04-30 19:56:54
Атамбаевге окшоп өлгөн атам деп абалдан пайдаланбай тынчтыка, биримдике чакырганы үчүн рахмат! Бар болуңуз, ден-соолукта болуңуз!
+19
NURSAPAR
2021-04-30 20:46:42
Айтканыңыз келсин Сооронбай Шарипович!!! Сизге да Аллахым ден соолугуңузду берсин.
+16
aiba.20201234567
2021-04-30 20:59:15
Түштөн кийин пок жебечи кароче
-16
Munir81
2021-04-30 21:05:12
Аллахым омурунузго береке берсин
+8
Kuban-1207
2021-05-01 14:43:52
Шалдыраган байкушум анда санда бир сүйлөгөн
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан