Эмомали Рахмон чек ара чырында каза болгон жарандардын жакындарына көңүл айтты

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон чек ара чырында каза болгон жарандардын жакындарына эки аптадан кийин көңүл айтты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Тажик-Кыргыз мамлекеттик чек ара чырында каза болгон жарандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кудай баарыңызга сабыр берсин", - деген Эмомали Рахмон. Ошондой эле жаракат алгандарга батыраак сакайып кетүүнү каалаган.

Маалымат үчүн: Кыргыз-Тажик чек ара чыры 28-29-апрелде чыккан. Жаңжалдан Тажикстандын 19 жараны каза болуп, 87 адам жаракат алган.

Ал эми Тажикстандын агрессивдүү кол салуусунан кыргыз тараптан 36 жаран каза болуп, 189 адам жаракат алган. Президент Садыр Жапаров 1-2-майды аза күтүү күнү деп жарыялаган.

Буга чейин тажик оппозиясынын өкүлдөрү Эмомали Рахмонду каза болгон жарандардын жакындарына көңүл айтпаганын сындашкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Dembele84
2021-05-14 09:32:58
Фашисттин конул айтканы айтпаганы уже эч кимге кызыгы жок !
+8
Aliza_96
2021-05-14 10:12:19
Эми эсине келиптирби???
+2
ulaAjidar
2021-05-14 10:32:22
Жолугушуу кылып отуп кеткендердин жакындары менен жолугуп...Жардам бериши керек
+2
portugalia
2021-05-14 10:47:59
Фашист!
+6
Tatu_8889
2021-05-14 11:33:19
Фашист!оз элинин башына мушкул тушкондо эсине келдиби?
+3
Rusi79
2021-05-14 12:17:51
Унитазды ордуна коюп койгула,ал силерге умывальник эмес.
+5
Rifle_I
2021-05-14 15:34:13
Путин тийгизген окшойт бир аз. Орто азияда чыр болгону Россия үчүн аябай кооптуу абал жаратат.
+1
Amanov
2021-05-15 02:34:58
Бир кун оч алабыз шашпай тур тажикстаны кошуп ортойбуз
0
Taalaibek.
2021-05-15 11:52:51
Бийлигине, байлыгына мас болгон ажоо турбайбы.
0
karabet
2021-05-16 21:51:13
Кыргыздар, фашизм деген эмне экенин билесинерби ыя ?? тоодон тушкон кыргыздар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан