Кыргыз-Тажик чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн жанданышы күтүлөт

Кыргыздын тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова 26-сентябрда Тажикстандын Кыргыз жериндеги элчиси Сухроб Олимзода менен сүйлөшүү жүргүздү.

Адаттагыдай, жолугушууда өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык талкууланды. Ошондой эле эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча Кыргыз-Тажикстан өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү, Кыргыз-Тажик чек арасын делимитациялоону жандантуу жөнүндө пикир алышуу болгонун Тажикстан ММКлары жазышты.

Маалыматка ылайык, Кыргыз-Тажикстан чек арасынын жалпы узундугу 970 чакырым. Мунун 520 чакырымы эки тараптуу такталып, 450 чакырымы тактала элек.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан