Орозо айында кан тапшыруу орозону бузабы же жокпу көп адамды ойлондурууда. Бул боюнча SUPER.KG порталы Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулуна байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдирди.
"Орозодо кан берсе болот, орозо кармаган адамдын орозосун бузбайт", - деди Бактияр Токтогазы уулу.
Белгилей кетсек, Тажикстан менен болгон кагылышууда жаракат алган мекендештерибиз үчүн кан тапшырууну каалагандар Республикалык кан борборунда тапшырса болот.