Бүгүн, 30-апрелде Республикалык кан борборунда жабыркагандар үчүн 150гө жакын адам кан тапшырды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткенде жаракат алган мекендештерибиз үчүн кан тапшырууну каалагандар төмөнкү дарекке кайрыла алышат:
Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспектиси, 60. Республикалык кан борбору.
Иштөө тартиби: дүйшөмбү-жума күндөрү 8:00дөн 14:00гө чейин, ишемби күнү 8:00дөн 11:00гө чейин. Кан тапшыруу үчүн паспорт, айдоочулук күбөлүк же аскер билети менен баруу керек. Кан тапшырардын алдында майлуу, куурулган, сүт азыктарынан баш тартуу керек. Облустардагы бардык Кан борборлору да ушул эле тартипте иштейт.