Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандардын саны 163кө жетти. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.
Анын айтымында, жабыркагандардын 49у Бишкек шаарына алып келинген, алардын үчөө оор абалда. Калганы Баткен облусунун ооруканаларында дарыланып жатат.
Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен.