Бүгүн, 17-сентябрда Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги Кулунду-унаа жол көзөмөл өткөрүү жайынан башка өткөрүү жайлары күнүмдүк тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тажик тарап бир тараптуу негизде Кулунду-унаа жол көзөмөл өткөрүү жайында Кыргыз жана Тажик жарандарын өткөрүүнү убактылуу токтотту. Бирок бул чектөө үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына тиешеси жок, алар Кулунду-унаа жол көзөмөл өткөрүү жайын кесип өтө алышат.
Эки өлкөнүн ортосундагы макулдашууга ылайык, Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде 5 өткөрүү жайы жайгашкан. Кулунду-унаа жол көзөмөл өткөрүү жайы көп тараптуу, күнү-түнү иштейт. Ал Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылынын түндүк тарабында жайгашкан.