Чек ара чыры: Эки өлкөнүн ички иштер министринин орун басарлары Лейлек районунда жолугушту

Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков Тажикстандын ички иштер министринин орун басары, ички кызматтын генерал-майору Иброхимзода Нозим менен Лейлек районундагы Интернационал айылынын аймагында жолукту. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Лейлек районундагы Баткен облусунун жана Согди облусунун күч структураларынын ишмердүүлүгү толугу менен Сүйүн Өмүрзаковдун жана Тажикстандын ички иштер министринин орун басары Иброхимзода Нозимдин көзөмөлүндө боло тургандыгы белгиленди. Эки тарап тең тезинен бекем тартип орнотуу, ок атышууларга жол бербөө, жарандардын коопсуздугун сактоо жана ушул багытта биргеликте тартипти орнотуу маселелери макулдашылды.

"Лейлек районундагы айылдарда абалды турукташтыруу, чек арага чектеш айылдарда коомдук тартипти жөнгө салуу, ар кандай укук бузууларга жол бербөө, учурдагы кырдаал мамлекеттик деңгээлде турукташтырууга багыт алган маалда коомдук тартипти биргелешип сактоо, кыргыз жана тажик милициясынан турган кайгуул күзөттөрүн уюштуруу, ар бир жарандын укуктары менен коопсуздугун сактоо багытындагы маселелер талкууга алынды. Анын жыйынтыгы менен жарандардын коопсуздугун сактоо багытында байма-бай сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, абалды оң жолго коюу жаатында бардык маселелерди чечүүнү колго алуу менен бирге абалды турукташтыруу боюнча бир пикирге келе алышты", - деп жазылат маалыматта.

Учурда Баткен облусунун Лейлек районундагы абалды толук турукташтыруу жана коомдук тартипти сактоо боюнча бардык аракеттер көрүлүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Jaraisyn
2021-05-01 16:04:47
Жолукту, талкуулады чечти тиги бул, качан лейлек району тиги иттерден бошотулду деп угабыз. Акмактар буйрук бергиле биздин арстандарга жанчып салсын. Үйлөр бузулуп чыгым ашып атат. Силер аны элге 2 жылда да куруп бере албайсыңар.
+2
JaneEr
2021-05-01 16:14:14
Просто пустые слова.Устали(((
+3
heaven2016
2021-05-01 16:18:30
Кыргыз жеринде эмнеге тажиктин желеги илинип турат? Ташиев?
+4
Jigit25
2021-05-01 16:29:35
heaven2016, ал калтырак басып озуну басалбай калыптыр ха ха.колудан к-м да келбейт .-дагы атасы мн-энесиге асылганды неме кылат имиш . Анан атасынан-энесиден улук жерди берип отурат
+2
SHahabidin-jabborov
2021-05-01 16:29:32
Согуштун кереги жок!Аллах эки мусулман элге тура жол берсин!
+1
Gisi
2021-05-01 16:50:47
Кол чонтоктого
+1
Milduri
2021-05-01 17:23:56
Турушун карасаң тажиктин, тоготпойтко өзүнчө эмне деп керкейип, биздикилерди карасаң бүжүрөйт, э жогол чыгып кеткиле биздин жерден ээлеп алган айылдарды бошот дебейби.
0
bond02
2021-05-01 18:07:49
Тажибайдын турушу башкача го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан